Унутпадым
Сөзү : О.Султановдуку Обону : К.ДосмамбетованыкыАралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги...
Убакыт суудай акты унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү,
Ал түнү айта бердим житине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди...
Үн катпай мени тиктейт бак дарактар,
Жүрөктө сагынчыма карашкансыйт,
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансыйт.
Эстеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта,
Түшүмдө түндө сени жолуктурам,
Ыракмат миң мертебе тагдырыма,
Ыракмат миң мертебе махабатка..
Поделись с друзьями!