Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Башкы » Сыйлай жүр »

Сыйлай жүр.

Сөзү : 
Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики

Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.

Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө айла жок,
Тагдырлашым, таарынба.
Таарынба, таарынба,
Кош бол, эми сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол, эми сагынба...

Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.

Кайырма:

Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.

Кош терек көрсөң кыйбай жүр,
Кошунам деп сыйлай жүр.
Кокустан узап мен кетсем,
Кошунам деп ырдай жүр.

Кайырма:
Достор менен бөлүш!