Сүйүү вальсы
Күмөндөр Абылов
Уйку бербей, жол каратып, каректерим талыттың,
Утур жакын барган менен дале сенден алысмын.
Узун түндө, сен жөнүндө учугу жок ой жоруп,
Убайым жеп, угайын деп жообуң күтүп зарыктым.
Абай салсаң айлап, жылдап сен деп канча жабыктым,
Ал мендеги сен сиз өткөн бир үзүмү тарыхтын.
Ал тарыхта арзыганым Лейли болсоң сен эгер!
А мен сага эсте тана сүйгөн Мажнун карыпмын!
Калагы жок кайда барам, сырын билбейм кайыктын,
Картасы же компасы жок, дайынын таппайм багыттын.
Карайлатпай, кайсалатпай айтчы алтын казыгым!
Кайсы азапка, кайтарапка, каптап селдей агыздың!
Сени карап, сени самап нурун тосуп жарыктын,
Сендей сулуу, сендей асыл көрбөй көзүм карыктым.
Сен ооруткан махабаттын, ак сүйүүнүн дартынан,
Сенден гана, сен бар үчүн, сен деп келет айыккым.
Себеби мен сен деп жүрөм, сен деп сүйөм жашоодо,
Сени сүйөм, сүйөм сени, сүйгөндүгүм анык чын!