Мейли тагдыр
Маматибрагим Бостонкуловдуку Обону : Маматибрагим БостонкуловдукуМейли тагдыр мага башың ийбегин,
Мейли тагдыр мага жарык тийбегин,
Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип,
Медер туткан ата-энеме тийбегин.
Мейли тагдыр өлчө-калча бийлегин,
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин,
Мен өзүмдөн башка нерсе сурабаймын,
Медер туткан балдарына тийбегин.
Мейли тагдыр сыйлыгымды бербегин,
Байлыгыңды маңдайыма илбегин,
Андан өткөн мага байлык бакыт жок,
Суранарым жакыныма тийбегин,
Түбөлүктө досторума тийбегин.
Мейли тагдыр айткан тилди албагын,
Кошко согуп, ташка согуп алдадың,
Жашат дайым өчпөс кылып түбөлүк,
Жүрөктөгү сүйүмө шек салбагын,
Жалгыз кана ак сүйүмө тийбегин.
Достор менен бөлүш жана сунушта!