Мажүрүм тал
Сөзү : Мээркан ТоксобаеваныкыОбону : С. Урманбетовдуку
Жаз жаңыдан жаркып келген сирен гүлүн ача элек,
Мажүрүм талдай жап жаш элең, биз да талдай жаш элек.
Сүйүү оту чачылганда турган сирен күүлөнүп,
Тагдыр кошпой турам жалгыз ар-тарапка жөлөнүп..
Каркылар учуп өтөт катарлары бузулбай,
А биз неге айрылыштык балким тагдыр ушундай.
Көздөрүнөн оту жагып жаштар өтсө коштошуп,
Махабатым унутулат ал дарака окшошуп..
Ал дарактын бутагына ар бир түгөй келишпей,
Биз өткөргөн алтын күндөр кайра башка элестей,
Жаз жаңыдан жаркып келген сирен гүлүн ача элек,
Мажүрүм тал жап жаш элең, биз да талдай жаш элек
Поделись с друзьями!