![](https://kerim.at.ua/log_tex.png)
Кошуна кыз
— Аткарган: Замир Арыкбаев —
Кечке чейин тең жарышып жел менен, Чарчаганда уктап калсаң мен менен. Аныкында кызым коркпойт мейли- деп, Биздикине апаң издеп келбеген... Кошуна кыз, кошуна кыз, Кошуна кыз кошуна. Балалыктын жылынганбыз, Балдайт татту отуна. Кошуна кыз, кошуна кыз, Кошуна кыз кошуна. Балалыктын жылынганбыз, Жан эргиткен отуна. Эгер бирөө сени айтса жаман деп, Озумдан октой уччу жаман кеп. Сураганда жооп берчү элек тартынбай, Сен тийем деп, а мен болсо алам деп... Анда деле тоо ушундай жакчу эле, Анда деле суу ушундай акчу эле. А бирок да сеникинен чыккан күн, Алолонуп биздикинен батчу эле...Меню / Башка ырлар
Достор менен бөлүш!