Кандай жакшы
(маалымат жок)Көздөрүң карап сенин талбай жакты,
Сөздөрүң көңүлүмө балдай жакты,
Сүйгөнү ак-сүйүүсүн арнап турган,
Дүйнөнүн бар экени кандай жакшы.
Күлгөнүң тартуулады таалай-бакты,
Күн дагы билбей калдым кандай бакты,
Сүйөм деп айткым келет кайра кайра,
Сезимдин бар экени кандай жакшы.
Кубаныч коштоп бизди жандай басты,
Кумарым бул дүйнөгө кандай жакты,
Бир келген өмүрүмдө жалгыздатпай,
Өзүңдүн бар экениң кандай жакшы.