Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Башкы » Кайдасың »

Кайдасың

Сөзү : 
Чыныбай Турсунбековдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики

Жарыгын чачып ар кимге,
Ай элең тийген ал түндө.
Сезимдин күчүн багынтып,
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Сен калып калдың кайсы үйдө?

Көпөлөк болуп жолдошуң,
Бөпөлөп турган колдосуң.
Ким билет, балким, кор болуп.
Чыга албай турган тордосуң.
Сен калып калдың кайсы үйдө?

Жарыгын чачып ар кимге,
Ай элең тийген ал түндө.
Сезилбей барып, жолуң ээрчийм.
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Достор менен бөлүш!