Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Башкы » Биздин айыл »


Биздин айыл

Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку


Айланасын тоолор курчаган,
Кайда барсам эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.

Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Шыңгыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.

Кайырма:

Ыйыктыгың сенин билемин,
Сүттөй таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.

Кайырма:
Достор менен бөлүш!