Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Башкы » Бир тууганым »

Бир тууганым

Сөзү: Алишер Тоотаевдики Обону : Алишер Тоотаевдики —

Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп,
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп,
Азыр кайда бир тууган, асылдарым,
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп...

Бир тууганым, таянар асылдарым,
Аска-зоодой бел болор жакындарым.
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм,
Амандагың тилеймин баарыңардын...

Биз чоңоюп, балалык артта калып,
Ар кимибиз ар тарапка багып алып.
Азыр ата-эне болуп калгансыңар,
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып.

Күндөр улам зымырап өтүп барат,
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат,
Сезимимди кусалык ээлеп алып,
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап.
Амандыгың тилеймин кымбаттарым.

Достор менен бөлүш жана сунушта!
 
Достор менен бөлүш!