Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Башкы » Айтылбаган махабат »

Айтылбаган махабат.


Сыймык Бейшекеев


Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин,
Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин.
Кусадан курган жүрөк жанчылса да,
Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин.

Кайырма:
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.

Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай,
Жаңыра ойлор уюп коргошундай.
Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң,
Сергибей, бөксө жерим толбочудай.

Кайырма:

Сен туруп көңүлүмдүн борборунда,
Камалдым махабаттын коргонуна.
Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт,
Тамчысы ак жамгырдын колдорума.

Кайырма: Достор менен бөлүш!

 
Достор менен бөлүш!