eSIM - ал эмне?, кантип иштейт?.
eSIM – бул GSMA глобалдык спецификациясы, ал SIM картаны каалаган мобилдик түзүлүшкө алыстан берүүгө мүмкүндүк берет.
Стандарттын биринчи версиясы 2016-жылдын мартында, экинчиси 2016-жылдын ноябрында жарык көргөн.
Түздөн-түз аппаратка орнотулган программалоочу SIM картанын түрү. "Машинадан машинага" тиркемелерде бул туташтыргычка, сим карта үчүн орунга болгон муктаждыкты жок кылат, - ал тармактын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жакшыртат жана мейкиндикке, орунга болгон талаптарды азайтат, анткени салыштырмалуу чоң туташтыргыч, сим карта үчүн орун талап кылынбайт жана бул дизайн ийкемдүүлүгүн жогорулатат.
Башкача айтканда, биз көнүп алгандай уюлдук оператордун кызматын колдонуу үчүн Сим карта сатып алып аны сиздин смарфонго орнотуунун зарылчылыгы жоголот.
Кайсы смартфондордо мындай мүмкүнчүлүк бар?
iPhone 11/12/XR/XS/SE, iPhone 11/12 Pro, iPhone 11/12 Pro Max, iPhone XS Max, iPhone 12 mini.
iPad 2019, iPad Air 2019, iPad mini S, iPad Pro 11/12.9.
Samsung Galaxy S21 Ultra, S20/S20+, S20 Ultra, Samsung Galaxy S21/S21+, Galaxy Fold, Galaxy Z Flip, Galaxy Z Fold 2, Galaxy Note 20/Note 20 Ultra.
Google Pixel 3/3a/3 XL/3a XL, Pixel 4/4a/4 XL, Pixel 5.
Motorola RAZR, RAZR 5G.
Huawei P40/P40 Pro, Mate 40/Mate 40 Pro, Mate Xs.
Microsoft Surface Duo.
HP Specter Folio Lenovo Yoga 630, Gemini PDA, Xiaomi Mi Watch.
OPPO Find X3 Pro – OPPO жана Thales тарабынан иштелип чыккан биринчи eSIM иштетилген 5G флагманы.
Биздин уюлдук операторлор арасында андай мүмкүнчүлүк барбы?
Биздин бардык уюлдук операторлор бул мүмкүнчүлүктү тартуулайт.
eSIM (ЕСИМ) кантип кошом, туташтырам?
Сиз каалагагн уюлдук оператордун сатуу жана тейлөө кеңсесине барып 100 - 150 сом акы төлөө менен eSIM (ЕСИМ) же жаңы номер сатып алуу болот. Аппараттын жөндөөлөрүнөн уникалдуу eSIM-ди жандыруу QR кодун аласыз, аны түзмөгүңүз аркылуу сканерден өткөрүү керек.
eSIM (ЕСИМ) кайда колдонулат?
Смартфондордо гана эмес, ал авто унааларда, мисалы: , MiFi түзмөктөрү, AI котормочулары, акылдуу аппараттар, гарнитуралар, акылдуу эсептегичтер, GPS көз салуу түзмөктөрү, DTUs, велосипедди ижарага берип - алууда, жарнама ойноткучтар, видео байкоочу түзмөктөр. Ушуга окшош ыкма Россияда ГЛОНАСС (спутниктин позициясын аныктоонун улуттук системасы) колдонот, ал унааларда өзгөчө кырдаалдар учурунда: тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын чакыруу үчүн орнотулган.
|