![Тюп. Түп архив](/tuyp/dom_kultury_2014.jpg)
(Тюп. Архивдик сүрөт. Автор белгисиз)
Түп (Тюп) айылы качан негизделген?
Түп айылы 1869 жылы, орус келгиндери тарабынан Преображенка атындагы Семиреченск облусуна караштуу конуш болуп негизделген.
Районду өнүктүрүүнүн Сиз билген мүнөздүү өзгөчөлүктөрү 1961-жылы «Кыргызгипрострой» институту тарабынан иштелип чыккан, Түп районун өнүктүрүүнүн башкы планында белгиленген. Документти даярдоого архитектор А.Н.Марченко катышкан. Өнүктүрүү планы райондун борбордук бөлүгүнө гана тийиштүү болуп, «Заря» колхозунун жакынкы жерлерин камтыган эмес.
Көп өтпөй облустун аймагы кеңирип жатканынын бирден бир себеби, ал жаш жана келечекке умтулган конуштан өндүрүштүк жана турак жайлар аймактары билинип, көчөлөр кошулуп айыл калыптана баштаганынан эле. Борбордук көчө Совет доорунда Ленин, азыркы мезгилде Боромбай көчөсү болгон.
1978-жылы жер титирөө коркунучунан улам өнүгүү планына оңдоолор киргизилген. «Кыргызгипрострой» институтуна дагы бир жолу деталдуу сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылып, бул ишти Н. В. Карпенко, Е. Н. Афонин, О. Г. Самойленко болгон архитектуралык бригада колго алат.
![Түп айылынын тарыхы](https://drive.google.com/uc?export=view&id=1ASloEfXU5mm5hjduWfmklnyyNKupceHP) |
Түп районунун экономикасын жергиликтүү өнөр жай жана мал чарба ишканалары түзөт. Райондун аймактарын басымдуусу өнөр, турак-жай, кампаларга бөлүнгөң. Жүк ташуучу унаалар негизги көчөлөргө берилип, сейил бактар, маданий эс алуу жайлары, бульвар жана аянттарга зор көңүл бурулат. Кайра куруу (перестройка) убагында 2009 жылы Түп айылы 11.000 адамдын туруктуу жашоочу жери, кичи мекени болгон.
Уникалдуу жаратылыш өзгөчөлүктөрү жана сейрек кездешүүчү биокомбинациялар Түп районунун ортоңку бөлүгүндө, Түп суусунун жээктерине жакын жерлер 1975-жылы Түп ботаникалык коругунун түзүлүшү үчүн зарыл шарттарды түзгөн. 1975-жылы «Санташ» совхозунун базасында жайылып өсүүчү арчаларды коргоо жөнүндө токтом менен жергиликтүү коргоо объектиси ишке киргизилген. Анын аймагында тал, чычырканак, ыргай, барбарис сыяктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү, ушул ареолунда гана өсүүчү чөптөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрү чогултулган. Коруктун аянты 100 гектардан ашат.
![Түп айылынын тарыхы](https://drive.google.com/uc?export=view&id=11v_polmhTRnb_Z4OGvUXrmOjKKuGupKa)
Материал OPEN.KG сайтындагы орус тилиндеги үлгүсү которулду.
Которгон: Керим Усубалиевич.
|