Главная » Статьи » Тарых » Биздин айыл |
Тизилген талдар катарга Талды-Суу айылы.
Талды-Суу айылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл округунда жайгашкан. Жакынкы Көчүү, Корумду, Кайнар айылдарынын борбору болуп саналат. Каракол шаарынан 48, Түп айлынан 17 километр аралыкта жайгашкан. 2009 жылы 5068 тургун жашаган. Айыл анын айланасында жайгашкан дөбөлөр менен байыркы конуштардын аркасында атактуулакка ээ болгон. Айылдын түштүк тарабында 18 таш дөбө, конуштун түндүк тарабында жүзгө жакын дөбөлөр жана үч таш скульптура бар. Түндүк-чыгыштан Кара-Булак атту жерде, Талды-Суу дарыясына жакын Түп өрөөнүнүн баарын башкарып турган чеп болгон конуш жайгашкан. Айылдын аты айтып тургандай эле, ал кооз талдар, тоолордон агып келген суулар, булактар кооздоп турат. Катардагы асыл тукум жылкыларды баккан, сайма сайып, чийме чебер эл ичинен, белгилүү Кыргыз ССРинин советтик партиялык жана мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыкамбаевич Дыкамбаев жарык дүйнөгө келген. | |
Просмотров: 316 | | |
Всего комментариев: 0 | |