James Lee

Блог о uCoz

Шаблон адаптирован командой 7UARTS

Авторизация

Макалалар каталогу» Турмуш-тиричилик техникасы

Главная » Статьи » Ата Мекендик өндүрүш » Турмуш-тиричилик техникасы

Майлуу-Суу заводу.
Майлуу-Суу заводу.
Электр чырактарынын 80ден ашык түрүн чыгарган Борбордук Азиядагы эң ири электр чырактарын чыгаруучу заводу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шарында жайгашкан.

Тарыхы
Өзүнүн көп жылдык тарыхында завод көптөгөн сертификаттарга, дипломдорго жана сыйлыктарга ээ болгон, бир нече жолу эл аралык жана улуттук сыйлыктар менен сыйланган  Майлуу-Суу шаарында «ВЛКСМ 50 жылдыгы» атындагы заводдун курулушу 1964-жылдын декабрында СССРдин Президиумунун төрагасы Анастас Иванович Микоян кол койгон токтомдон кийийн башталган. 1966-жылы ишкананын башкы корпусу пайдаланууга берилип, 1970-жылы ишкана жылына 302 миллион даана электр чырактарын чыгаруу боюнча долбоордук кубаттуулукка жетишкен.

"Комсомолдун 50 жылдыгы" атындагы Майлуу-Суу электр чырактар заводунун базасында 1995-жылдын 11-июлунда RESAC программасы боюнча завод кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу, менчиктик түрү өзгөрүшү менен ВЛКС  «Майлуу-Суу электр чырактар заводу» мамлекеттик акционердик коомун (ГАО «МС ЭЛЗ») уюштурган.

2003-жылдын 4-сентябрында «МС ЭЛЗ»  базасында «Майлуу-Суу» электр лампа заводу» ачык акционердик коому («МС ЭЛЗ» ААКсы) алмаштырылган менчиктик түрү менен катталган.

2010-жылдын декабрында «МС ЭЛЗ» ААКнын активдеринин базасында «Майлуу-Суу чырак заводу» (ОсОО МС ЛЗ) жаңы жоопкерчилиги чектелген коому түзүлгөн.


Бүгүн
Заводдун бекем оңдоп-түзөө базасы бар, бул атайын технологиялык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана цехтерде жабдууларды капиталдык оңдоп-түзөө үчүн аспаптарды жасоого мумкундук берет; энергия өндүрүүшү, ошондой эле өзүнүн автотранспорт каражаттары менен жабдылган.



Учурда завод ар түрдүү чытрактарды, анын ичинде жарык берүүчү диоддор менен, электр энергияны үнөмдөөчү флуоресценттик, декоративдик чырактарды жана муздаткычтар жана тигүүчү машиналар, автоунаалар үчүн да чырактарды, андан тышкары колбалар, картондон кутуларды чыгарып келүүдө. 

Жарым кылымдан ашык убакыттан бери завод чырактарды жана автоунаа чырактарын чыгарууда лидер болуп келет. Учурда ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 170-180 миллион даана электр чырактары түзөт. 
Бардык өндүрүлгөн электр чырактар ички базарда сатылып, өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 10% дан 15%ке чейин, тиешелүүлүгүнө жараша бул өндүрүштүн көлөмү экспорттун жалпы көлөмүнүн 85-90% түзөт. Завод чыгарган чырактардын ассортименти республиканын, ошондой эле чет өлкөлөрдүн базарларында суроо-талапка жараша дайыма өзгөруп турат.


Сертификат
МСЛЗ ЖЧКсынын продукциялары сертификацияланган жана ISO 9001:2008 эл аралык стандартынын талаптарына жооп берет. Сапатты башкаруу тутумунун ISO 9001 сериясынын эл аралык стандартына шайкештигин тастыктаган “DEKRA” компаниясы тарабынан берилген эл аралык сапат сертификаты бар.


Акча жүгүртүү
Жылына финансылык жүгүртүүнүн көлөмү 15,0 млн АКШ долларынан 20,0 млн долларга чейин жетет. Заводдо иштеген кызматкерлердин саны 2500гө жакын адамды түзөт.

Электр чырактарын өндүрүү өздүк жарым фабрикаттарды чыгаруудан башталып, монтаждоо өндүрүшүнүн конвейеринде электр чырактарын чогултуу, контролдоо жана даяр продукцияны керектөөчүлөргө жөнөтүү менен аяктайт.


Экспорт
«МС ЛЗ» ЖЧКсынын продукциялары Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Грузия, Армения, Монголия сыяктуу өлкөлөргө экспорттолот.

Категория: Турмуш-тиричилик техникасы | Добавил: infotuyp (17.05.2022) W
Просмотров: 228 | Теги: завод, тарыхы, Жалал-Абад, Майлуу-Суу | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
avatar