Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Ата-энелер экиден, балдар ата-энелерден коркот.

Башкы » Материал » Аралаш » Ата-энелер экиден, балдар ата-энелерден коркот.

Мен терең ишенем, Эгемендүүлүктүн учуруна дал келген жаш энелер, аталар "приоритетти" туура коё алат. Өзүлөрү корккон нерсени балдарына коркунуч кылып көрсөтпөйт жана жетишпеген кыялдарына балдарын курал кылып колдонбойт.
Ата-энелер экиден, балдар ата-энеден коркот.
Кеп балдардын күндөлүгүндө эмес, ата-энелерде жатат. Баланын кызыгуусу болбогон сабактардан төмөн баа алган кезде, аны куугунтукка, урушууга шашпастан, чынында эле шыгы бар тармагына басым жасоону үйрөнүү зарылчылыгы.

Ырас, бүгүн Пионер, Комсомолец деген ар кандай артыкчылык белгилери жок. Себеби Совет доорунда окуган адамдар ал наамдарга жетүү үчүн эч бир жерден ката кетирбей, сабактардын басымдуу бөлүгүнөн 5 алууну аракет кылышкан. (Шексиз, жакшы тараптары болгон) Болбосо Пионер, Комсомолец дегенге татыбай калышы ыктымал болгону аз келгенсип, ар түрдүү сөздөрдү да угууга дуушар болушмак. Ошол себептен бүгүнкү күнгө чейин "баалардан" коркуу сакталып келет, ал ата-энелердин балдарынын "чымынын" да көрүүдөн алыстатып, сокур кылып коёт.

Албетте балдар ата-эненин мээримине муктаж, алардын ар бир иш аракети бийиктик катарында кабыл алынат. Болгону айрым учурларда бала энесинен жылуу сөз угуу үчүн себеп издебестен, кайсы убак болбосун ал мүмкүн экенин унутпоосу маанилүү эмеспи. Бирок бүгүнкү балдар дал ошол мээримдин себеби мектепке байланыштуу деп ойлоп калуусунда турат.

Кайгылуусу, балдар билим алууга эмес, бааны оңдоого шашып калышында. Алар жаттаган ыр саптарынын маанисине көңүл бөлбөй, бир гана 5-тин изин издеп калган дербишке айлантат.

Мектептен кайтып келгенде баланын көңүлүн, каалоосун сурабастан "бүгүн канча баа алдың?" деп, баланы экинчи, үчүнчү планга койгондор аз эмес. Бирок ата-энелер балдардын келечегин ойлогону жана учурда бааларга басым кылганы логика жатпай калат. Себеби "5" деп атып, баланын өзү кандай баалуулук экенин көңүл борборунан чыгып калышы бар, балдар өздөрүн кайсы бир баасыз кереги жоктой сезиши да мүмкүн.
Баланын кыялдарын, кызыкчылыгын, аракетин колдоо - ийгиликтүү эмес, бактылуулу адамдын жолу. Бактысыз адамга - алтын таштанды.





: infotuyp (26.08.2022)  Автор:  
91 | мектеп, балдар, ата-энелер, баалар | : 5.0/1

Достор менен бөлүш жана сунушта!
 
Жалпы пикирлер:: 0
avatar