Спутник Кыргызстан: Кыргызстандын Министрлер кабинети (төрагасы Акылбек Жапаров) байланыш каражаттарын идентификациялоо жана мобилдик байланыш каражаттарын идентификациялоо боюнча мамлекеттик системаны уюштуруунун тартибин бекитти.
Министрлер кабинети белгилегендей, учурда уюлдук телефондорду колдонгон калктын саны өсүүдө, ошондуктан Кыргызстандын аймагына башка өлкөлөрдөн уурулук жана контрабандалык жол менен кирүүгө эң көп кабылган нерселердин катарына кирет.
Уурдалган телефондор атайын программалык камсыздоонун жардамы менен *жашырылып, ортомчулар же интернет аркылуу стихиялуу базарларда кайра сатылат. Ошол эле учурда мындай кылмыштардан жапа чеккен жарандар уюлдук аппараттарды жана жабдууларды сатып алууга сарпталган каражатты гана эмес, көпчүлүк учурда калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон маанилүү маалыматтарды (байланыштарды, билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды) жоготот.
Телефондорду каттоо төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Аппараттардын импортун контролдоо, аны менен бажы төлөмдөрүнүн өсүшү күтүлүүдө (бажы тариздөөсүнөн өтпөгөн аппараттар жергиликтүү байланыш операторлорунун тармактарында иштей албайт);
- Уурдалган мобилдик байланыш каражаттарынын санын азайтуу (уюлдук байланыш каражаттарын уурдоо мааниси жок, анткени алар жергиликтүү байланыш операторлорунун түйүндөрүндө иштей албайт);
- Жеткирүүчүлөр ортосундагы адилетсиз атаандаштыкты жокко чыгаруу; мобилдик аппараттардын коопсуздугун жакшыртуу.
Ошондой эле жергиликтүү байланыш операторлорунун тармактарындагы ар бир байланыш каражаттарын идентификациялоо жана мобилдик байланыш каражаттарын идентификациялоо боюнча мамлекеттик тутум аппараттардын IMEI коддорунун «ак», «боз» жана «кара» тизмелерин түзүүнү жана текшерүүдөн, каттоодон, аутентификациялоодон жана авторизациялоодон өткөндөн кийин байланыш кызматтарын көрсөтүүнү карайт.
Жеке колдонуу үчүн өлкөгө алынып келинген приборлор Кыргызстанга ташылып келинген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен уюлдук операторлор кеңсесинде идентификациялык каттоодон өтүшү керек. Түзүлүштөрдү каттоого өтүнмөлөр идентификация өткөрүүчү оператор тарабынан жети жумуш күндүн ичинде каралат.
Каттоого алынуучу маалыматтар
- Аппараттын аталышы жана модели;
- Түзмөк моделине туура келген IMEI коддорунун тизмеси;
- Түзмөктүн ички эс тутуму (ГБ);
- Аппараттардын саны;
- Бир түзмөктүн, аппараттын баасы;
- Жалпы баасы;
- Каттоо тууралуу сертификат.
|