Керим Усубалиевич

расмий сайт
Курс валют к сому

Карыздар жана милдеттүү мугалимдер же балдар укугу.

Башкы » Жаңылыктар » Маданият » Карыздар жана милдеттүү мугалимдер же балдар укугу.

/news/baldar_ukugu_je_mugalimder/2022-05-25-27

Бүгүн интернет башкы курал болуп калган кезде, негизи эле сөз эркиндигинин желегинин астында болуп жаткан окуялар “ал” же “бул” тараптын кайсы бир укугун, ошол кездеги коопту учурдан, же болбосо терс көрүнуштөн алып калуудан эмес, ошол көрүнүштү өзүнүн пайдасына, кандайдыр бир “популярдуулукка” жетүүнүн амалы болуп бара жатканы кайгылуу.

Ошол эле Сузактагы окуя болуп жаткан учурда, таалим-тарбиясы, маданияты дурус балдар-кыздар өзүнүн классташын ачуу сөздөн алыс болууга, болбосо мугалим менен каяша айтышуудан токтотуунун ордуна үн чыгарбастан тартып отурушу үлгү аларлык эмес. Аз дегенде  “эже бул Сизди туура эмес түшүнүп алган чыгар, кечирип коюңуз”,- деп ачуусун басуу мүмкүн эле го?. Болбосо окуучу кызды класстан чыгарып коюшса да ката болбойт эле.


Албетте, мугалим бирөөнүн баласына кол көтөрүүсү дурус эмес, ошентсе да, андай учурларды жалпы мугалимдердин кадыр баркына шек келтирүүсү мүмкүн экендигин эске албастан видеону жайылтуу катачылык. Мугалим окуучуга кол көтөргөнгө эмне себеп болгонун, кандай окуялардын арбып кетүүсүнөн улам чыкканын билбестен чечим чыгаруу да болбос.
Учурда адам укугу деп, бирок башкалардын укугуна тийишкендер аз эмес, балдар да улуулардан үйрөнүп, “кол тийбестик” деген калканды бетине такап алып, анын арты менен бөлөк адамдардын намысына шек келтирүүчү, ачуусун козгой турган сөздөрдү колдонушу адатка айланып бараткан кез.

Мектептин тартиби, мугалим менен окуучу ортосундагы субординация жөнүндө, баланын ар кандай жерлердеги укугу жана эрежелерин, маданиятын тактоонун ордуна, ата-энелер кызмат адамдарынын милдеттерин эскертип турушу, “ал баланча акы алат, ал мындай кылбоосу керек” , “болбосо арыз жазып жумуштан алдыртып салабыз”, “анын кайсы укугу бар эле?” деп сөз салгандардын кесепети, азыр болуп жаткан жана кийин да кайталанышы ыктымал окуяларга бирден бир себеби.

Ошол Совет доорунда мугалим окуучуну кулактан кармап алып класстан чыгарып салышы, ошол кездеги мугалим дегендин өзу кандай сүрдүү болгону унутулуп, бүгүнкү мугалимдер карыздар жана милдеттү гана катмарга айлаганы кайгылуу.

Ата-энелер өзүнүн балдарына бир гана жакшылык каалоосу шексиз, алар алып берип жаткан кымбат гаджет, смартфондор, кийимдер да эл арасында эски болбой, кеп-сөзгө жем кылуудан алыс болуунун тилеги экени анык. Бирок, ошол эле смартфондон көрүп, уккан нерселер балдардын өзүнчө алганда, айрым учурда пайдасына, а башка мезгилдерде адамдардын тагдырына тамаша кылууга курал экени көрүнүп турат.

Балдар кээбир учурларда атайы адамдын ачуусун келтирип, аны тартып алып өз ара кепке салуунун амалын издеп калганы да калп эмес. Социалдык тармактардын таасири болгон “хайп” жасоого умтулгандар чыкканы айдан ачык.
Баланы мектепке жөнөтөр мурда “мугалимге каяша айтуу болбойт, эгер ал туура эмес жасап жатат деп ойлосоң, болбосо ойлоруң да күмөн бар болсо айып койбо” дегендер дээрлик жоголуп бараткандай сезилет.

Ал аздык кылып, балдарга кымбат смартфон, чокой, кийимдерди кийгизип жөнөтүү, “башкалардан кем белек?!” деген жарышуунун артында, балдардын психиологиясы жабыркап жатканынан кабарсыз коом пайда болду.
Ар бир колго кирген тикенекти өмүргө коопту учур кылып интернетке жайылтуу адаттан өзүмчүлдүккө жеткирүүдө. Себеби, бир нерсени, өзгөчө терс маанидеги көрүнүштү таркатуунун жана жайылышынын жеңилдигин билгендер абалды колго алып турганы маалым.

Керим Усубалиевич







: infotuyp (25.05.2022)  Автор:  
517 | мектеп, укук, окуучу, жаңжал, мугалим | : 5.0/2

Достор менен бөлүш жана сунушта!
 
Жалпы пикирлер:: 0
avatar