Токтогул:
Айгыр, кочкор айдаган,
Теке менен букасы
Суусамырды жайлаган,
Азирети эшендер
Кемибептир пайдадан.
Кетте-кичик кошулуп,
Кекиртеги созулуп,
Кер жорго минип алдында
Келаткан экен озунуп,
Келтирип соогат сурачы,
Эшмамбет, эки колду куушуруп.
Эшмамбет:
Ассалому алейкум,
Ак селделүү калпабыз,
Ак теңгеге толгон бейм,
Асынып келген калтаңыз.
Ак шарият пири деп,
Алдыңан салам айтабыз.
Акындар ырдап келгенде,
Аздыр-көптүр байкаңыз.
Токтогул:
Шариятта, Эшмамбет,
«Кулмун» десең береби?
Кол куушуруп алдыңа,
Турдум десең береби?
Соогатыңа чубалтып,
Селде берип жүрбөсүн?
Же болбосо жанынан
Теңге берип жүрбөсүн?
Кошо чечип берет бейм
Кийип турган күрмөсүн?
Кара тилди безечи,
Кантип эшен сүйбөсүн?
Айдай албай баратат,
Айгыр, кочкор дүйнөсүн.
«Хаммасын бүт алгын» — деп,
Марттык кылып жүрбөсүн?
Элге бүтүн тараптыр
Эшендин берген топусу,
Эми бермек болду бейм,
Эки-экиден сүйлөшүп,
Ийкеңдеп турат чокусу.
Эшмамбет:
Ийкеңдетсе береби
Экиден бизге допусун?
Иш ара кылып жатпайбы,
Алдына ийкеп чокусун.
Мурут болгон калпа көп
Биздин Кетмен-Төбөдө.
Эшендин оюн байкасам,
Дүнүйө кызык жөн эле,
Бизге бербейт, Токтогул,
Акарат кылба төрөгө,
Андан көрө баралы,
Аштан, тойдон калалы,
Айлыбызга баралы,
Аттын майын алалы,
Тамашага баралы,
Тапканды бөлүп алалы.
Коңур-өгүз жериңде.
Өйүзгү саяк элинде
Эл чогулуп конот дейт,
Эртең аш кеңеши болот дейт,
«Коногун алып бөлөт» — дейт
«Ырчысын ылгап көрөт» — дейт.
Токтогул:
Жүрсөң, жүргүн, кетели,
Эшенди тооруп нетели.
Ушулардан эч кимдин
Узарбаган этеги.