Кереге таштан эл көчөт,
Кең арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кейисем дартым кимге өтөт?
Үйгөн таштан эл көчөт,
Үч арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Үшкүрсөм дартым кимге өтөт?
Калкагар таштан эл көчөт,
Кара бир дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кайгырсам дартым кимге өтөт?
Ак дөбөдөн эл көчөт,
Алты арал дайра суу кечет.
Ак маңдай сулуу ашык кыз,
Азаптуу дартың кимге өтөт?
Көк дөбөдөн эл көчөт,
Көп арал дайра суу кечет.
Көңүлүм билген ашык кыз,
Күйгүзгөн дартың кимге өтөт?
Ботолуу нарча жетелеп,
Боз талаа менен өтөсүң.
Борумуң башка экенсиң,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Боздотуп кайда кетесиң?
Кара нарча жетелеп,
Как талаа менен өтөсүң.
Кадыркеч жандан экенсиң,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Какшатып кайда кетесиң?
Сагызган учуп жеткисиз,
Сары ойго көчүп кетипсиз.
Сары чаң чаңдайт, шамал жок,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Санаада турат, амал жок.