Поэзияга болгон биринчи кадам.
Опубликовано 18.02.2022 в 17:03

Ыр жазам деп ойлогон белем?
Негизи кайсы бир күнү, бир да болсо ыр жазам деп ойго келген эмес. Кичине кезимде тайэнем өзүнүн автордук чыгармасын айтып бергенде абдан таң калып, аны өзгөчө касиет катарында кабыл алгам. Ыр жазуу көптү көргөн, улуу муундагы адамдар гана жазат деп эсептеп жүргөнүм болгон.
Биздин үй-бүлөдө тайэнем, ал кишинин сиңдиси да эмгеги сиңген калемгер инсан, ондогон китептери, илимий макалалары басылып чыккан, медицинанын өнүгүүсүнө зор салым кошкон кызматкери. Кыргыздар айтмакчы "канында бар болгон экен" дегенине таянып, бир чымчым же болбосо күкүмү мага да жетип калганы кубандырат. Ошол эле мезгилде ал көзгө көрүнбөс милдеттер менен жүктөп, көп учурда токтоо болууга тартып турган фактор. Ошондой болсо да, акын деген сөз мага карата өтө эле бийик деп ойлой берем, себеби 1-2 саптын арты менен "акын" деген улуу жазуучулар, калемгерди сыйлабастык болот деген пикирдемин.
Болбосо, баатырлардын урпагынын бирден бир айырмачылыгы ар өнөргө шыктуу, таланттуу болушунда, аягы табылбас "Манас" эпосунун алып жүрүүсүндө деп ойлоп келем.
Тайэнем калтырган баалуулуктар.
Тайэнем көзу тирүүсүндө эч бир катуу сөзү жок алдыга карай ойлоп, өткөн замандын, учурдун алтын казынасы болгон чыгармаларын үйдө ырдап отурганында үлгү жана сабак болгонун азыр түшүндүм. Себеби ырлардын сөзүнө, маанисине жана алар каткан сырларга болгон ойлорду, көз карашты ошол аткаруу менен купуя байлык иретинде жеткирген деп түшүнөм. Болбосо интернетте толгон батыш, орус жана жакынкы бөлөк мамлекеттердин "жаштык" агымына батып кетишим ыктымал эле го. Ошол эле рэп угуучулардын катарын толуктап калсам, балким жазган ырларыма болгон мамилем башка болмок.
Архивдик сүрөт: Тайэнем Керимкулова Эсен.
Жаңыдан гана .MP3 эмне экенин, флешканын келбетинен тааный баштаган учурда бизде компьютер эмес уюлдук телефон жок эле. Андыктан ырларды бирөөгө барып жаздырып алып улам-улам кайталап угуп жүрөт элем, алардын катарында жаңы эле чыккан "Кызыл өрүк" жана популярдуу болгон "Аппак кар" ырлары бар болчу. Албетте, кийин орус эстрадасы да өз ордун таап, аларды да тааныдым, жакты. Бирок тайэнем аткарган "Гулмирам", уккан Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Ырыспай Абдыкадыров болгондуктан сырттан келгендин баасы бөлөк болуп калышына чоң таасири болду. Залкар обончулардын кайрыктарындагы катылган ойлорго, сезимдерге туура ой-пикирди калыптандырды.
Биринчи жазылган ыр сабы.
Мектепте мыкты окуучу болгом деп айтуу ката болот, катардагы орточо окуган окуучу болсом да, ал баштапкы класстарда экенин айтууга болот. Бирок бешинчи класстан кийин мектепке болгон мамиле башка болгондуктан баалар жөнүндө сөз да козгоонун зарылчылыгы жок. Ошентсе да, биринчи чыгармам "Кыргыз тил" деп аталып, кыргыз тил сабагы учурунда жазылганы мени сүйүнтөт.
Ал күнү мен үй тапшырмага берилген ыр сабын жаттабай келгендиктен айласын табуу керек эле. Эжейдин жанын балдар топтолуп алып бааларын алып жаткан кезде, мен акыркы болуп айтып беришим керек болгон. Адамдан амал качып кутулбайт экенго, шашып отуруп "Кыргыз тилим" деп алгачкы төрт сапты жазып алып, ызы-чуунун арасында айтып бергеним менен башталган.
Поэзияга болгон кызыгуу.
Тамга таанып окуп баштаган учурда орус адабиятынын көрүнүктүү инсандары жана аларадын чыгармалары менен таанышуудан башталат эмеспи, мен да Пушкиндин саптарын окуганда кыялданып "мен да ыр жазсам" деп ойлогонум болчу. Эптеп баш аягы белгисиз, болбосо орусча бир сөздөр топтому кылып жазууга аракет кылганымды эстей берем. Аны апам менен тайэнеме окуп отурганым да сүрөт болуп көзүмө көрүнөт, балким "чымындын" жаралышы ошол мезгилдедир?... Кандай болсо да үй-бүлөдө андай аракеттерди колдоп, кыр көрсөтпөй угуп баалагандары жылуу сезимге чөмүлдүрөт.
Керим Усубалиевич.