Мугалимдер укугу сыналгыга теңелди.
Жалал-Абад облусуна карашту Сузак районун, Сузак айылындагы окуядан кийин мугалим жумуштан алынышы, окуучуну чапкандыгы ката болгонун эске алуу менен алып караганда да туура эмес экенинен күмөнүм жок.
Эл өкүлдөрү колун коюп ант берген мыйзам мугалимди муунтуп маңка аккан муунга жем кылды.
Бул жаңжалдан кийин чыгарылган чечимдер, окуучулар тарабынан кетирилген одоно эреже бузуулар, жалпы эле мектептеги тартиптердин бардыгы менен жоктугу барабар белгисине алып келгендей сезилет.
Атыгүл дүкөндө сатылган телевизорга кепилдик берилип, эжейдин кадыр-баркы чыбык мингендерден коргой албаган өлкөнүн үлгүсү боло алды .
Ал тургай мектепте үйрөтүлүп жаткан маданият, адеп-ахлак сабактарына каршы келип жана анын менен бирге мугалимдер укугу сыналгы менен тең абалга коюлду.
Улууну кичүү окутуп,
Урмат-сый өзү тепселди.
Энеден бала бийиктеп,
Кыямат кайым сес берди.
Мугалимди кекетип,
Белде калды кадыр барк.
Болочогуң бүдөмүк,
Каада-салат тургай, калың калк.
Автор
Керим Усубалиевич